Бугу 05, 2024
Убакыт: 15:07
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте желим баштыкка салынган ымыркай табылды

Бишкекте желим баштыкка салынган ымыркай табылды


Бишкекте кайрадан ташталган жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 19-ноябрда саат 22:45тер чамасында 102 кызматына Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин тосмосунун жанынан желим баштыкка салынган ымыркай табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Бишкектин Ленин райондук милициясынын маалыматтардын бирдиктүү журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда ымыркай (эркек бала) ооруканада, баланын абалын төрөт үйүнүн кызматкерлери көзөмөлдөөдө.

Учурда баланын апасын аныктоо боюнча тергөө жана оперативдик-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 8-ноябрда Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн