Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Бишкекте жеңил унаалар кагышып, 4 адам жаракат алды

12.08.2020 11:41
936
Бишкекте жеңил унаалар кагышып, 4 адам жаракат алды


Бишкек шаарында жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсык катталып, анын кесепетинен 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

Маалыматка ылайык, окуя 11-август күнү саат 22:00дөр чамасында Чынгыз Айтматов жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда “Хонда Степ” менен “Ниссан Марч” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.


Кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алып, алардын экөө жаш балдар болгон. Жаракат алгандардын экөөсү №4 шаардык ооруканага, экөө №3 балдар ооруканасына жаткырылган.


Учурда унаалар убактылуу токтотуучу айып короого токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталып жатат.


Видеону көрүү үчүн бул сслканы басыңыз.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн