Бугу 17, 2024
Убакыт: 13:02
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Бишкекте жеңил унааны уурдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте жеңил унааны уурдап кеткен жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, 10-август күнү милицияга борбор калаанын Б.М. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Бишкек шаарынын Кулиев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан 120 миң сомдук Volkswagen Golf III үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз ээлеп алып, белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (транспорт каражатын уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.


Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Ф.И. аттуу жаран кармалган. Райондук сот шектүүгө карата Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонгон. Уурдалган унаа арыз ээсине кайтарып берилген.


Ал эми шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн