Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте жигит тааныш кызын акча жана уюлдук телефонун уурдоого айыптоодо

25.08.2023 09:44
364
Бишкекте жигит тааныш кызын акча жана уюлдук телефонун уурдоого айыптоодо


Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Жабырлануучунун айтымында, кылмыш 14-августта Турусбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Ал таанышын 400 доллар, 6 миң сом жана iPhone 11 Pro телефонун уурдап качып кетти деп айыптаган.


Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен бирдиктүү реестирге катталган.


Ленин РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган К.Д. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Тергөө иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн