Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте жыл башынан бери 170 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталган

14.07.2022 12:12
330
Бишкекте жыл башынан бери 170 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталган


Бишкек шаарында 2022-жылдын 6 айында жалпысынан 170 миң 35 жол эрежесин бузуу боюнча протоколдор (ЖКК) түзүлгөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков билдирди.

Анын маалыматына караганда, протоколдор төмөндөгүдөй бузуулар үчун толтурулган:

- коопсуздук курунун жоктугу жана мотошлемди колдонуу эрежесин бузуу — 40 миң 999;

- жөө адамдардын жана велосипедисттердин катышуусунда — 11 миң 475;

- мас абалында унаа башкаруу — 1 миң 574;

- тиешелүү документтин жоктугу — 1 миң 98;

- мыйзамсыз тонировка — 395;

- жасалма номер тагуу — 41;

- унаа ээнбаштык — 26;

- башка мыйзам бузуулар — 22 миң 313.

Ал ушул аралыкта 12 миң 590 унаа айып короосуна токтотулганын кошумчалады. "Мыйзам бузуулар үчүн мамлекеттик бюджетке 76 млн 60 миң 95 сом өндүрүлдү", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн