Бишкекте үйдө жылытуучу от казандын жарылуусунан 7 адамдан турган үй-бүлө жабыркады, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.
Алар ооруканага 18-декабрдан 19-декабрга караган түнү түшкөн. 4 бала Шаардык балдар клиникалык ооруканасында, алардын абалы канааттандырарлык. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна 3 бейтап: аял, эркек жана бир бала түшкөн.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, реанимацияда жаткан бир аял көз жумган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн