Кыш мезгилине даярдануу максатында жасалган оңдоп-түзөө иштери 95 пайызга жыйынтыкталды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКсынын техникалык директору Руслан Турганбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинин 30-апрелдеги 234-токтомуна ылайык, майдан баштап күз-кыш мезгилине даярдыктар өз нугунда жүрүүдө.
"Үч сутка катары менен орточо температура сегиз градустан суук болуп, мэриянын токтому чыкса жылуулук берүүгө даярдык бар. Былтыр жылуулук 8-октябрда берилген. Быйыл дагы термометрге карап муниципалитеттин чечими менен берилет", — деди Турганбаев.
Ошондой эле көмүр, мазут келишимдин негизинде ташылып жатканын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн