Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:05
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкекте жылуулук качан берилет?

24.10.2022 11:52
499
Бишкекте жылуулук качан берилет?

Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) шаардыктардын үйүнө жана башка объекттерге жылуулук берүүгө даяр. Бул тууралуу "Электр станциялардын" басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, жылуулук берүү тууралуу акыркы чечимди мэрия кабыл алат.


"Мэр жылуулук берүү тууралуу тиешелүү буйрукка кол коет. Жылуулук сезонунун башталышы абанын температурасы 5 күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо аныкталат. Андан кийин ЖЭБдин жылуулук-механикалык жабдууларын айландыруу процедурасы башталып, жылуулук абоненттерге бериле баштайт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн