Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте жоголуп кеткен бала табылып, ата-энесине берилди

06.05.2020 15:34
1162
Бишкекте жоголуп кеткен бала табылып, ата-энесине берилди


Ички иштер министрлигинин алдындагы Академиянын кызматкерлери Бишкек шаарында адашып кеткен баланы таап, ата-энесине өткөрүп беришти, деп билдирди Академиянын басма сөз кызматы.


Бүгүн, 6-майда болжол менен саат 11:00дөр чамасында ИИМ Академиясынын кызматкерлери, милициянын полковниги З.Жоробеков жана милициянын подполковниги Э.Шинеев Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатып, 4-кичи районундагы С.Каралаев көчөсүндө адашып жүргөн 3-4 жашар чамасындагы баланы таап алышкан.


Ошол замат кызматкерлер Октябрь райондук ИИБине маалымат берип, жыйынтыгында бала ата-энесине кайтарылып берилген. Баланын энеси саат 10:30дан баштап өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок майнап чыкпагандан кийин гана Октябрь РИИБне кайрылышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн