Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Бишкекте жол кире маселеси сентябрда чечилет

02.06.2021 18:09
954
Бишкекте жол кире маселеси сентябрда чечилет

Жол кире акысын көтөрүү маселеси сентябрда чечилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жүргүнчүлөрдү ташуучу фирма жана ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуу учурунда билдиргенин Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.


Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов бүгүн, 2-июнда жүргүнчүлөрдү ташуучу фирма жана ассоциациялардын жетекчилери менен жолугуп, бардык маселе КРнын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынышы керектигин белгиледи.

Кудайбергеновдун айтымында, тарифтерди өзгөртүү тууралуу чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. "Документ КР мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн бардык этаптан өтүшү керек. Бүгүн, 2-июнда тарифтерди көтөрүү туурадуу токтом долбоору шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат. Сентябрь айына чейин Бишкек шаардык кеңеши менен коомдук транспорттогу тарифтерди көтөрүү маселесин иштеп чыгабыз”,-деп убада берди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-июнда маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүү талабы менен иш ташташкан.

Кийин мэрия шаардыктарды ташуу үчүн кошумча транспорт изделип жатканын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн