Бишкек шаарында коомдук транспортто жүрүү жол киресин жаңы шайланган шаардык кеңештин депутаттары чечет. Мындай пикирин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин талаш болуп келген маселеге жаңы шайланган депутаттар чекит коёт.
"Бишкек шаарында коомдук транспортто жүрүү акысы боюнча буга чейин көптөгөн нааразылыктар болгон. Менчик фирмалардын маршрутка айдоочулары иш таштады.
Жол кирени көтөрүү боюнча маселени эми жаңы шайланган шаардык кеңештин депутаттары чечет",- деди Кудайбергенов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн