Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкекте жол кырсыктан үч адам каза болду. Бири жети жаштагы кыз

24.08.2020 17:06
1227
Бишкекте жол кырсыктан үч адам каза болду. Бири жети жаштагы кыз


Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы Чолпон-Ата көчөсүндө жол кырсык катталып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, саат 15:20 чамасында Чолпон-Ата көчөсүндө “Субару Легаси” жана "Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсык катталган. Анын кесепетинен 3 адам каза болгон. Алардын бири 7 жаштагы кыз экендиги аныкталды. 


Учурда милиция кызматкерлери иш алып барууда.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн