Бугу 13, 2025
Убакыт: 22:47
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.060
1.100

Бишкекте жол тыгындарын жоюу максатында көпүрөлөр салынат

12.02.2021 18:13
3648
Бишкекте жол тыгындарын жоюу максатында көпүрөлөр салынат

Бишкек шаарында жол тыгындарын азайтуу үчүн асма көпүрөлөр салынат, башка жол жок. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүм башчысы Темир Мамашов "Марал" радиосуна билдирген.


Анын айтымында, асма көпүрөлөр Бах жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишине жана башка жерлерге салынат.


«Борбор калаанын көчөлөрү 50 миң автоунаага ылайыкталган. Бирок учурда 500 миңге чукул унаа бар. Жол тыгындарын жоюу үчүн жолду 10 эсе кеңейте албайбыз. Ошондуктан чоң кесилиштерге көпүрө салышыбыз кажет», — дейт Мамашов.


Маалыматка ылайык, Жайыл Баатыр көчөсүндө шаардын четине чейин 6 тилкелүү жол салынат. Жайыл Бааатыр көчөсүнүн Чортеков менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүгү толук оңдолот. Андан тышкары Сухе Батор көчөсү да кеңейтилип, чоң жол салынат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Рахат Абдыжапарова
Саламатсызбы! Эн сонун болот эле! Биз дагы эл катары онугуу жолуна тушсок, Алдыга, келгиле жылалы! Кадам таштайлы! Биз болсо колдоп туралы ! Ызы -ЧууНу токтотолу!!!Алга!!!????????????
Айбек
Качан ишке агат Баха Лев Толстойду салма жакшы болот эле