Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 12:57
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы корпусу бейтаптарды кабыл алууга даяр

29.10.2020 09:10
525
Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы корпусу бейтаптарды кабыл алууга даяр

Кечээ, 28-октябрда Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында жайгашкан 100 орунга эсептелген оорукананын жаңы корпусунун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.  

Маалыматка караганда, объектти каржылоо Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду тарабынан жүргүзүлүп, 77,5 млн сом акча каражаты каржыланды.

Белгилей кетсек, бул типтеги ооруканаларды куруу ыкмасы - уникалдуу долбоор жана Кыргызстандын аймагында биринчи жолу колдонулуп жатат. Бул объекттин курулушунда пайдаланган курулуш ыкмалары жана технологиялары бышык жана сапаттуу болгондуктан, оорукана кеминде 50 жылдан кем эмес убакыт элге кызмат кылат.

Буга чейин коронавирус оорусу менен күрөшүү аракетинин алкагында жана COVID-19 илдетине чалдыккан оорулуулар үчүн орундардын санын көбөйтүү максатында Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында эксперименттик тез курулуучу ооруканалардын курулушу башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн