Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкекте журналистке кол салышты

11.06.2020 15:50
996
Бишкекте журналистке кол салышты

 

Бишкекте түз эфир учурунда Kaktus.media сайтынын кабарчысы Марат Уралиевге кол салуу болду. Бул тууралуу журналист өзү “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди.

 

Анын маалыматы боюнча, бүгүн, 11-июнда “Кайнар” ресторанында экс-депутат Өмүрбек Бабановдун каза болгон эжесине куран окутулуп жаткан. Ресторандын жанында бир топ белгилүү саясатчылар жана чиновниктер турушкан.  

 

Марат Уралиев аларга жакын келип, массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө салынганына карабай, ресторанда көп сандагы адамдар чакырылганын видеого тартып жаткан. Бирок тартуу иштерине белгисиз адам тарабынан тоскоолдук жасалган. Адегенде ал журналистти кубалап, андан кийин ага күч колдонгон.




 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн