Бугу 09, 2024
Убакыт: 13:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Бишкектеги "Батуми" кафеси буздурулууда

24.05.2023 14:16
239
Бишкектеги  "Батуми" кафеси буздурулууда



Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндөгү жалпы аянты 1300 чарчы мертди түзгөн “Батуми” кафеси буздурулууда. 


Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну контолдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барууда.  


Ошондой эле бул жерде “Тазалык” муниципалдык ишканасынын бузуу бөлүгүнүн жумушчулары иштөөдө. 


Белгилей кетсек, «Эстоунд» ЖЧКсынын жер тилкелерине ижарага укук берүү боюнча комиссиянын чечими менен ижара келишиминин мөөнөтүн узартуудан баш тартылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына объектти бузуу тапшырмасы берилген. 


Мекеменин өкүлдөрүнө 2023-жылдын 17-майында өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн