Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 10:01
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Бишкектеги №1 оорукананын башкы дарыгери чырдан кийин кызматынан боштулду

05.08.2020 13:24
946
Бишкектеги №1 оорукананын башкы дарыгери чырдан кийин кызматынан боштулду


Бишкек шаардык №1 клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Жусуп Бошкоев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 5-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинде оорукананын айланасында болгон чырга байланыштуу атайын комиссия иш алып барган.


«Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен оорукананын жетекчиси иштен четтетилди. Учурда анын милдеттерин орун басары аткарып жатат», - деди Акматова.


Буга чейин ыктыярчылар №1 шаардык клиникалык ооруканасына беткап, дары-дармек жана медициналык коргоочу каражаттарды алып барып беришкендигин, бирок жардам ал жерде иштеген кызматкерлерге жетпегендигин билдиришкен. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн