Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Бишкектеги №61 мектеп-лицейинин директору коррупцияга шектелип кармалды

10.08.2022 08:22
411
Бишкектеги №61 мектеп-лицейинин директору коррупцияга шектелип кармалды

Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи окуу комплексинин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

 

Билдирүүгө ылайык, Низовский тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталган. Ал ата-энелерден мыйзамсыз түрдө акчалай сыйлык алып турган.

 

Атайын кызматтын версиясы боюнча, директордун балдарды биринчи класска жана бала бакчага кабыл алууга жардам берүү үчүн бир нече жолу акча талап кылган фактылары ырасталган.


“Н.Ю.Н. системдүү негизде пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен каражат талап кылган. Ал өзүнүн активдерин жашыруу үчүн мыйзамсыз мүлктөрүн туугандарына жана ишенимдүү адамдардын наамына каттаткан. Тергөө маалында өзүнө жана жакын туугандарына таандык жалпы баасы 150 миллион сомдук 35 мүлк аныкталды. Ал жер тилкеси, коттедж, дүкөн, автоунаалар, үйлөр жана батирлер”, — деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн