Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:26
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкектеги №65 мектеп онлайн окутууга өттү

10.11.2022 11:13
295
Бишкектеги №65 мектеп онлайн окутууга өттү



Борбор калаанын мэриясы №65 жана 39-мектептерде, №173 жана 75-бала бакчаларда жылуулук жок болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Билдирүүгө ылайык, билим берүү мекемелеринде жылытуу системасы ишке киргенде авариялык кырдаал жаралган. Аталган уюмдарга жылуулук берүү токтотулган.


Капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзам чегинде тендерлерди ыкчам өткөрүп, подрядчылар менен келишимдерди түздү.


Маселе муниципалитеттин жетекчилигинин көзөмөлүндө.


Көйгөйлөрдү жоюуга чейин №65 мектеп онлайн окутууга өттү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн