Бишкек шаарындагы №67 мектеп окуучулардан коронавирус аныкталганына байланыштуу карантинге жабылды. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, мектепте билим алган эки окуучудан жана бир мугалимден коронавирус илдети аныкталган. Мындан улам мектеп онлайн окутуу режимине өттү.
Буга чейин да бир нече мектептер ушундай эле себептен онлайн окутууга өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн