Бишкектеги №72 мектептин 8-класстагы окуучусунун каза болушу боюнча иш козголуп, тергелүүдө. Бул тууралуу ШИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, 10-февралда А.Д. аттуу жаран баласын ажатканадан сабаган ошол эле мектептин үч окуучусуна чара көрүүнү суранып арыз жазган. Эс учун жоготкон өспүрүм Кардиология борборуна жеткирилип, 4-февралда каза тапкан.
"Маркумдун ата-энесинин доо арызы кылдат каралып, ар тараптуу иликтөө жүргүзүлөт", — дешти милициядан.
Факт боюнча Ленин райондук милициясы Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залака келтирүү) боюнча иш козгоду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн