Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектеги №8 бала бакча реконструкциядан кийин ачылды

11.01.2023 09:07
231
Бишкектеги №8 бала бакча реконструкциядан кийин ачылды



Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиевдин катышуусунда №8 бала бакчанын ачылыш аземи өттү.


Жертөлөсү бар эки кабаттуу имарат 4 тайпага ылайыкталган. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,38 га, ал эми курулган аянты 640 чарчы метрди түзөт.


Бала бакчага инженердик тышкы тармактар: короо ичиндеги канализация, жылытуу системасы, суу түтүктөрү, бүт имаратка тышкы электр кабели тартылып, имараттын ичи жасалып, фасады жылууланып, (декоративдик шыбак), асма шыптар орнотулду. Ошондой эле полду монтаждоо иштери жүргүзүлдү. Жылытуу системасы, электр системасы, полдун электр панелдери толугу менен алмаштырылды, сантехника иштери бүткөрүлдү.


Мындан тышкары резина капталган төрт балдар аянтчасы көрктөндүрүлүп, бала бакчанын аймагына таман таштар төшөлдү. Мекеменин аянты боюнча темир тосмо орнотулуп, жер төлөсүнө желдеткич орнотулуп, жашылдандырылды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн