Бишкек шаарындагы Аламүдүн суусунан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-кичи районундагы Аламүдүн суусунда азият улутундагы 40-45 жаштагы эркек кишинин сөөгүн ӨКМ кызматкерлери суудан чыгарган.
Ал эми маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн