Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:50
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имаратында Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда

29.05.2024 16:47
145
Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имаратында Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда


Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имаратында Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгнилей кетсек, буга чейин Чыгыш автобекетинин имараты Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилди.

"Имаратты демонтаждоо пландалган жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Автобекеттин имаратына калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда. Айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда. ",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Чүй облусу, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү 1/1 дареги боюнча «Бишкекавтобекети» мамлекеттик ишканасы уюштурулуп, иш алып барууда. Ал жерде Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу жана уюштуруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн