Бишкек шаарындагы Элебесов көчөсүндө канализация иштери
жүрүп жатканына байланыштуу, жолдогу кыймыл чектелди. Бул тууралуу Бишкек
шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Малыматка ылайык, Элебесов көчөсүнүн Дорожный көчөсүнөн жана Памир көчөсүнө чейинки аралыгына жер астынан 1885 метр аралыкка трубалар өткөрүлөт.
Ал эми анын натыйжасында бул чөлкөмгө жакын жайгашкан 10 көчөнүн жашоочулары канализация менен камсыз болорун айтышты.
Курулуш иштерин MS Building компаниясы жүргүзүп, долбоорго 15 миллион 900 миң сом каралганы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн