Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкектеги Горький гүлбагын көрктөндүрүү иштеринен фоторепортаж

18.03.2020 14:56
684
Бишкектеги Горький гүлбагын көрктөндүрүү иштеринен фоторепортаж


Бишкек шаарынын Горький атындагы гүлбагын көрктөндүрүү жана куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады


Сквердин ортосундагы бөлүккө брусчатка тизүүгө орун даярдалды. Аны менен бирге арыктарды жаңылап, мурунку гранит бордюрларды кайрадан орнотуу иштери жүрүүдө. Жарыктандыруу үчүн электр кабели өткөрүлдү. Алдыда жаңы отургучтар жана урналар орнотулат.


Оңдоо иштери шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүүлүдө жана апрелдин аягында бүтөөрү пландалууда.


Белгилесек, гүлбакты реконструкциялоо 2019-жылы кеч күздө башталып, аба ырайынан улам токтотулган болчу.


Эскерте кетсек, өткөн жылы жазында калаа башчысы Азиз Суракматов парктарда жана скверлерде масштабдуу реконструкциялоо жүргүзүүнү тапшырган. Ошондой эле Манас проспектиси менен Боталиев көчөсүнүн жана Кокчетавский менен Түлебердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан коомдук мейкиндиктеринин курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн