Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:31
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектеги Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркы ижарага берилет

20.08.2024 18:04
258
Бишкектеги Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркы ижарага берилет


Мэрия Бишкек шаарындагы Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркын ижарага берүүгө ниеттенүүдө.


Аукциондо ижара акынын баштапкы баасы айына 600 миң сом деп белгиленген. Парктын жалпы аянты 5,5 гектарды түзөт. Анын аймагында 577,9 чарчы метрлик имараттар бар.


Ижарага ала турган тараптарга коюлган шарттар:

- бак-дарак отургузуу;

- паркты жашылдандырып, тазалыгын сактоо;

- камераларды орнотуп, аттракцион койдурууга документтерди алуу;

- коммуналдык кызматтарды төлөп, чар-жайыт соода-сатыкка жол бербөө;

- жылына кеминде беш ирет жетим жана майыптыгы бар балдарга көңүл ачуучу оюндарды өз эсебинен уюштуруу.


Аукцион 20-сентябрда өтөт. Ага катышууга ниети барлар үчүн инструкция жарыяланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн