Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Бишкектеги Көлмө конушунда жаңы китепкананын курулуш иштери жүрүүдө

29.04.2024 10:55
94
Бишкектеги Көлмө конушунда жаңы китепкананын курулуш иштери жүрүүдө


Бишкектеги Көлмө конушунун Максат көчөсүндө жайгашкан китепкананын курулушу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, имарат 3 кабаттан турат, анда окуу жана абонемент залдары каралган. Жер участогунун жалпы аянты 0,38 га, имараттын аянты 622,62 чарчы метрди түздү.

Долбоордун алкагында биринчи жана экинчи кабаттарда 78 окурманга ылайыкталган окуу залдары, кызматкерлер үчүн кабинет жана техникалык жайлар каралган.

Азыркы учурда жер казуу иштери аяктады, катмарларды тыгыздоо жүргүзүлдү жана лабораториялык корутунду алынды. Пайдубалдын бетон негиздери куюлуп, биринчи жана экинчи кабаттарга тирөөч негиздери, калонна жана калкалар орнотулду.

Учурда 1-жана 2-кабаттарга кыш кыноо жүргүзүлүп, суу түтүгүнүн, канализация жана электр энергиясын өткөрүү үчүн орундары даярдалууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн