Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:33
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкектеги Ош базары эки күн иштебейт

12.10.2023 10:11
338
Бишкектеги Ош базары эки күн иштебейт


КМШ мамлекет башчыларынын саммитине жана Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапарына байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү «Ош базары» соода жана оюн-зоок комплекси иштебейт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, ошондой эле бул күндөрү үч троллейбус каттамдары иштебейт – №6, 11 жана 14, дагы үчөө каттамдарын өзгөртөт: №5 «Тунгуч» кичи районунан 8-кичи районго чейин жана №2-10 троллейбустары өз схемасы боюнча Чүй проспектисине кирбестен каттайт.


Буга чейин Ички иштер министрлиги борбор калаанын жана Чүй облусунун тургундарын жана конокторун Бишкек шаарында автоунаа менен жүрүүдөн баш тартууга чакырган. Мекеме КМШнын саммити жана Россиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапары маалында саякатка мезгил-мезгили менен чектөөлөр киргизилерин эске салды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн