Бишкек шаарындагы “ТЭЦ-2 Ак-Ордо” конушунда өзгөчө абал киргени анча байкалбайт.
Сүрөттө көрүнүп тургандай, Муромская-Б, Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде блокпост орнотулган жана атайын кызматкерлердин чатыры тигилген.
Бирок ал жерден автоунаалар жана жөө жүргүнчүлөр эркин өтүп жатканын көрүүгө болот. Бул жол “Ак-Өргө” конушун, Жал кичирайонун жана Сокулук районунун Орок, Күн-Туу айылдарын бириктирип турат.
Ошондой эле, көчөнүн кесилишинде май куюучу жай бар, ал дагы кадимки режимде иштеп жатат.
Мындан тышкары, оюн аянтчасында өспүрүм балдардын ойноп жүргөнүн байкоого болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн