Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:20
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкектеги Түштүк-2 кичирайонундагы үйлөрдүн лифттери алмаштырылат

04.08.2022 10:26
435
Бишкектеги Түштүк-2 кичирайонундагы үйлөрдүн лифттери алмаштырылат

Бишкектеги Түштүк-2 кичирайонунда жаңы лифт пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, "Бишкекшаалифт" муниципалдык ишканасы бир муниципалдык лифтти алмаштыруу боюнча пилоттук долбоор алкагында "Унаа курулуш" ЖЧК менен келишим түздү.


"Аталаган келишимдин негизинде Түштүк-2 кичи районундагы №8 үйдүн 1-подьездеги лифтти толугу менен алмаштырылат. "Унаа курулуш" тарабынан демонтаж иштери башталды. Лифтти толук орнотуу иштери 3 жумага чейин созулат", - деп айтылат маалыматта.


Эскерте кетсек, Бишкек шаарында лифт көйгөйү боюнча бир айдын ичинде 142 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен муниципалдык лифттерден 119, ал эми башка жеке менчик лифттердин тейлөөсүнөн 23 кайрылуу болгон. Ошол эле учурда лифттер-операторлор тарабынан 4 жүргүнчү эвакуацияланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн