Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 11:25
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектеги алдыңкы мектептердин 11-9-классынын окуучуларынан 11 млн сомдук баңгизат табылды (фото)

14.04.2023 09:46
528
Бишкектеги алдыңкы мектептердин 11-9-классынын окуучуларынан 11 млн сомдук баңгизат табылды (фото)

Туруктуу эл аралык баңги топтун мүчөлөрү кармалып, синтетикалык баңгизат – “мефедрон” алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирет.


 УКМК тарабынан 2023-жылдын 27-мартында И.Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын “жашырууга” аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын окуучулары, 2005-жылдын 4-февралында туулган А.А.Б. жана 2007-жылдын 8-майында туулган А.Б.Т. кармалды.


Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык “Альфа PVP” баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 гр.) табылып алынган. Бул 1 гр. заттын базар баасы 10 000 сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенджерлер аркылуу 5 000 сомдон сатышууда. Бул табылып алынган 921 гр. баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, баңгизаттын “дозалап” сатылган баасы 11 857 500 сомго жетет.

Бул фактынын негизинде, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту “Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголгон.


Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 4-апрелинде Ж.Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын 2004-жылдын 2-августунда туулган тургуну А.С.Д. кармалды. 


Кармалгандар КР УКМК тергөө абагына киргизилди.

Бүгүнкү күндө синтетикалык баңги каражаттарынын жаңы түрлөрүнүн динамикалык түзүлүшү жана пайда болушу, ошондой эле байланыштын коопсуз ыкмаларынын (Интернет мессенджерлери, социалдык тармактар) пайда болушунан улам, баңгизаттарды жайылтууну жана сатууну уюштурууга белгилүү акчалай сыйлыкты убада кылуу менен көбүнчө студенттерди жана мектеп жашындагы балдарды тартышууда. 


Буга байланыштуу КР УКМК ата-энелерди балдарына камкордук кылууга, алардын убакыт өткөрүүсүн жана чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.


КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз.

Учурда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, активдүү иштер жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн