Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:49
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Бишкектеги азык-түлүктү дүң саткан түйүн талашка түштүбү?

22.01.2021 10:02
1823
Бишкектеги азык-түлүктү дүң саткан түйүн талашка түштүбү?


Бишкектеги “Спекулянт” азык-түлүктү дүң саткан дүкөнүнүн айланасындагы чыр уланууда. Аталган түйүн дээрлик 4 жылдан кафе-ресторандарды, калаа тургундарын азык-түлүк менен камсыз кылып келген. Бул бренддин алдында иш алып барган алты дүкөн бар. Демек кирешелүү жай болгон. Учурда бул дүкөндөр түйүндөрүн укук коргоо органдары мөөнөтү өтүп кеткен товарларды саткан деп текшерип жатат.


“Азаттык” үналгысы бул дүкөндөр түйүнүнө Россиянын жараны Василий Щербина ээлик кыларын маалымдады. Ал Кыргызстанга келүүдөн чочулап жатканын айтып, аталган үналгыга маек берген.   


“Башаламандык болуп жатат. Күч түзүмдөрү адам укуктарынын бардык ченемдерин бузуп жатышат. Алар 21-январда биздин жабык турган кампаларга кайрадан кирип келишкен. Алар болгон документтерди жасаганга аракет кылып жатышат. Биз эч кимге пара берген эмеспиз жана дүкөндөрүбүздө мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк болгон эмес. Камакка алынган эки бухгалтерге болуп көрбөгөндөй басым болуп жатат. Ошондой эле кампабыздагы электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн ал жердеги азык-түлүктөр бузула баштады. Болгон эсептерим да тоңдурулду. Биздин бизнести тартып алуу аракети жүрүп жатат. Азыр Кыргызстанга баргандан коркуп жатам”, - деген ал.


Кыргызстанда ушундай кыйын абал өкүм сүрүп турганда жогорудагыдай фактылар акыйкат териштирилиши керек. Бийликке таасири бар күчтөр эски ыкмага салып кирешүү тармактарды басып алууга жол бербесе. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев буга окшогон фактыларга өзгөчө көңүл бурушу керек.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн