Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:09
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Бишкектеги банктан 1 млн сомдон ашык каражат тоногон шектүүлөр кармалды (сүрөт)

25.06.2020 15:27
983
Бишкектеги банктан 1 млн сомдон ашык каражат тоногон шектүүлөр кармалды (сүрөт)


Бишкек шаарындагы “Керемет банкты” тоноого щектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыктан билдирди.


Маалыматка ылайык, шектүү катары 45 жаштагы С.А. жана 37 жаштагы А.Н. кармалган. Учурда  алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.


А.С. аттуу жарандын “Тойота Лэнд Крузер-200” үлгүсүндөгү унаасы, атайын токтотуучу жайга киргизилген.


Кармалган жарандардан Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана травматикалык ПМ куралы алынган. Эки тапанчанын жана патрондордун жеке номурлары сүрүлүп өчүрүлгөн.Тоноо орун алган күнү колдонулган спорттук кара түстөгү булгары сумка, кепка, футболка жана кофта табылган. Мындан сырткары, мык сургуч, хомут жана башка буюмдар алынган.


Белгилей кетсек, 13-июнь күнү "Керемет банктын" бөлүмдөрүнүн бирине кирип 1 миллон 20 миң сомун тонооп кеткен.


Ошондой эле, күзүндө “Престиж” акча алмаштыруучу жайына да кол салууга да тийиешеси бар экени кошумчаланат. 2019-жылдын 7-ноябрында спорттук дене түзүлүштөгү эки адам Москва көчөсүндө жайгашкан “Мебель Малайзии” дүкөнүнө кирип, 60 миң сомун алып кетип калган.


Ноябрь айынын соңунда “ЭкоИсламикБанктын” сактык кассаларын бирине кол салып, 1 миллон 536 миң 365 сомду уурдап кетишкен.


2020-жылдын январь айында беткапчан белгисиз эки адам “Сенсон Гранд” акча алмаштыруу жайына кирип 3 миллион 784 миң 546 сомун алып кетип калган.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн