Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Бишкектеги баш аламандык учурунда жоголгон аскердик унаа табылды (сүрөт)

13.10.2020 17:44
799
Бишкектеги баш аламандык учурунда жоголгон аскердик унаа табылды (сүрөт)


Бишкек шаарындагы массалык баш аламандык учурунда жоголгон аскердик жүк ташуучу унаа Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагынан табылды.


Блогер Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына унаанын сүрөтүн жарыялады.


«Кайдыгер эмес жарандар уурдалган жүк ташуучу унааны Чүй облусундагы айылдын жанындагы талаадан табышты. Учурда ал жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери бара жатат», - деп жазган Ибрагимов.


Буга чейин Бишкек шаарындагы баш аламандык учурунда АКШда чыгарылган «Интернационал» жүк ташуучу унаасын белгисиз адамдар айдап кетишкендиги маалымдалган. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн