Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкектеги базарлардын биринин аймагында контрафакттык тамекини сатуу фактысы аныкталды

19.01.2024 13:35
284
Бишкектеги базарлардын биринин аймагында контрафакттык тамекини сатуу фактысы аныкталды


Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкектеги "Берекет Универсал" соода комплексинин аймагында контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташты.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 8 миң 545 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт.

Салык кызматынан акциздик маркалары жок 500 даанага чейин тамеки саткандарга 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык тамеки үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралгандыгын эскертишти.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы ишкерлерди тамеки продукцияларын акциздик маркасыз сатпоого жана акциздик марканын аныктыгын жана продукцияга шайкештигин кылдат текшерип турууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн