Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Бишкектеги документи жок конуштарда 8,5 миңдей үй-бүлө жашайт, жарымынын турмушу оор

04.06.2020 09:32
977
Бишкектеги документи жок конуштарда 8,5 миңдей үй-бүлө жашайт, жарымынын турмушу оор


Ички миграциялык процесстер иш жүзүндө бардык облустардын аймагында административдик-аймактык бирдик статусуна ээ болбогон жаңы конуштарда жашаган үй-бүлөлөрдүн бар экендигине алып келди. Бул тууралуу депутат Курманкул Зулушев ЖК жыйынында айтты.

 

Анын маалыматында, Бишкек шаарынын айланасындагы 15ке жакын административдик-аймактык бирдик статусуна ээ болбогон өз алдынча уюшулган жаңы конуштарда алдын ала маалыматтар боюнча 8,5 миңге жакын үй-бүлө жашайт жана алардын 50%га жакыны турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөр.


Мындан тышкары, дача участкаларындагы тургундар каттоого турган эмес. Бул жагдай жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү мамлекеттик жөлөкпул алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат, деди Курманкул Зулушев.


Андан сырткары, депутат мыйзам долбоору аркылуу ата-энеси белгисиз болгон балдарга ай сайын жөлөк пул чегерүү сунушталып жатканын белгилеп, "ата-энеси белгисиз болгон балдар көпчүлүк учурда интернат тибиндеги балдар мекемелеринде тарбияланат. Азыркы учурда, 42 ата-энеси белгисиз болгон балдардын ичинен 40 бала балдар мекемелеринде тарбияланып жатат жана 2 бала камкордукка алынган", - деди.


Тилекке каршы алар социалдык төлөм албайт. Ал эми аларга ай сайын 2 миң сомдон жөлөк пул берсек, жалпы 84 миң сом гана керектелет, - деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн