Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 06:48
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Бишкектеги эки соода комплексинин кожоюндарына кылмыш иши козголду

18.07.2024 17:33
216
Бишкектеги эки соода комплексинин кожоюндарына кылмыш иши козголду


Бишкектеги "Аалам" жана "Кенч" соода комплекстеринин кожоюндарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.


Маалыматка ылайык, аталган соода комплекстердин ээлери салыктан качып, ижарага документтери жок эле орундарды берип келишкен.


"Соода орундардын наркы жана соодагерлер төлөгөн ижара акысынын өлчөмү салык отчетунда көрсөтүлгөн суммадан кыйла көп болгон. Салыкчылар менен бирге иликтөө жүргүзүлүп, алардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган документтер табылды. Шектүүлөр өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерине өкүнүп, соодагерлердин ижара акысын 30 пайызга арзандата баштаган", — деп айтылат маалыматта.


Мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү салыкчылар тарабынан аныкталып жатканы белгиленди. Мындан тышкары, УКМК тарабынан аталган соода комплекстери мыйзамдуу же мыйзамсыз курулганы текшерилип жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн