Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорундагы Кожомкул атындагы спорт сарайы менен «Газпром» дене тарбия комплексинде уюштурулган күндүзгү стационарларда дезинфекциялоо туннелдери орнотулду.
Бишкек мэриясынан
кабарлагандай, калган эки райондо дагы орнотулат.
Атайын туннелдерди Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Аскарбек Куручбековдун
аракети менен «Маткасымов» компаниясы белек кылды.
“Жардам жана колдоолор бардык жактан берилип жатат. Ишкерлер ар бир стационарлардын шарттарын жакшыртуу үчүн жардам берүүнү улантууда”, - деп кошумчалады мэрия.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн