Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 12:31
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Бишкектеги ипподромдун ордуна көп кабаттуу үйлөр эмес спорт аренасын куруу сунушталды

06.04.2023 11:34
895
Бишкектеги ипподромдун ордуна көп кабаттуу үйлөр эмес спорт аренасын куруу сунушталды

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Бишкек шаарындагы "Ак-Кула" ат майданынын ордуна спорт аренасын курууну сунуштады.


Анын айтымында, Кыргызстанды азыркы учурда спортчулар дүйнөгө таанытып жатат.


"Биздин мыкты спортчуларыбыз бар. Бирок алардын машыккан жерлерин чет өлкөлүк спортчулар көрүп таң калат экен. "Ушундай жерде машыгып чемпион болуп жатасыңбы " деп. 

Чет өлкөдө спортко кандай көңүл бурарын өзүңүздөр билесиздер.


Эми Бишкектеги ат майданынын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү пландап жатат. Бизде үйлөр толуп кетти. Ошонун ордуна спорт аренасын куруу керек. Мына кошуна өлкөлөр Олимпиада өткөрүүгө ат салышууда. Бизде дурус спорттук арена жок",- деди депутат.


Кадырбековдун сунушун кесиптеши Тазабек Икрамов да колдоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн