Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 10:17
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Бишкектеги ыш маселесин жоюу үчүн тиешелүү булактардан каражат тартуу пландалууда

10.02.2023 12:34
176
Бишкектеги ыш маселесин жоюу үчүн тиешелүү булактардан каражат тартуу пландалууда


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектеги ыштын келип чыгуу себептерин жана алардын алдын алуу жолдорун чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйында борбордогу ыш көйгөйүн чечүү боюнча жол карта талкууланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.




“Жылытуу мезгилин ийгиликтүү өтүү максатында экономика тармактарын жана калкты жеткиликтүү деңгээлде көмүр менен камсыздоо маселеси каралып келет. Ошол эле учурда, ден соолукка терс таасирин тийгизген ыш маселеси экинчи планда калууда. Ушуга байланыштуу ыш маселесинин алдын алуу иштерин күчөтүүбүз зарыл. Ыштын пайда болушун күтүп жата бербестен, анын пайда болуу себептерин чечүү жөнүндө түзүлгөн “жол картанын” негизинде тиешелүү жетекчилер иш алып барып, ай сайын иштин жүрүшү тууралуу так маалымат берүүңүздөр керек”, - деди Бакыт Төрөбаев. 




Адистердин айтымында, борбор калааны ыш каптоосуна себептеринин бири жаңы конуштарда, жеке менчик мончолордо көмүрдүн, желимдердин жана тигүү цехтериндеги калдыктардын жагылышы болууда. Бул жагдайды чечүү үчүн аларды жаратылыш газы менен камсыздоо каралууда. Ал эми калдыктарды жана желимдерди кайра иштетүү керек. 




Мындан тышкары, ыш каптоого Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда жана отказандарда көмүрдүн колдонулушу, эски унаалардын көптүгү, таштанды таштоочу жайда таштандылардын өрттөлүшү, курулуш объектилеринин ирээтсиз курулушу жана бак-дарактардын азайышы болууда. 




Бишкек шаарындагы абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун алкагында тиешелүү булактардан каражаттарды тартуу күтүүлүүдө. 




Көйгөйдү чечүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдар жумушчу тобун түзүү менен активдүү иштер жүргүзүлөт жана анын жыйынтыгы боюнча  Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында жыйындар өткөрүлүп турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн