Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектеги кафелердин биринде мушташ чыгаргандар кармалды (видео)

16.08.2023 14:14
320
Бишкектеги кафелердин биринде мушташ чыгаргандар кармалды (видео)


Бишкектеги кафелердин биринде мушташ чыкты. Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарап жатат.


Видеодо автор кафеге келгендердин ортосундагы мушташ этникалык жана расалык сабырсыздыктын негизинде болгонун белгилеген.


Инстаграмга жарыяланган кадрларда бир нече кишилер адегенде оозеки урушуп, андан соң мушташа баштаганын көрүүгө болот. Окуянын айрым катышуучулары аларды ажыратууга аракет кылышкан.


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына О.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал кечке жуук Сухе-Батор көчөсүндөгү кафелердин биринде аны сабашканын билдирген


«Факты маалымат журналына катталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милицияга үч адам — 30 жаштагы М.С., 25 жаштагы М.Э. жана 28 жаштагы М.Э. жеткирилди. Керектүү экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында окуянын катышуучуларынын аракеттерине юридикалык баа берилет», — деп билдирди РИИБден.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн