Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:34
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Бишкектеги кайсы көчөлөрдө оңдоо иштери жүрүп жатат? (тизме)

09.09.2022 12:43
696
Бишкектеги кайсы көчөлөрдө оңдоо иштери жүрүп жатат? (тизме)

Бишкекте “Шаардын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жолдорду оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Кулатов көчөсүнүн Фатьяновдон Каракөл көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жумуш кызуу жүрүп жатат. Люктарды тууралоо процессинде асфальт-бетон төшөлмөнүн экинчи катмарын төшөө, жол белгилерин орнотуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Бул көчөнү реконструкциялоо 2 этапка бөлүнгөн. Учурда жолдун пайдубалын, сугат түтүктөрүн, жол жана тротуарлардын бордюрларын, тротуардын асфальт-бетон төшөлүшүн, тротуардын төмөнкү катмарын төшөө иштери аяктады.


Мындан тышкары,е Жайыл Баатыр көчөсүнүн Чортековдон Б.Алыкуловго чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери 80%га бүттү. Чыгыш-батыш багытындагы жол келечекте Орок айыл өкмөтүн Бишкек шаары менен байланыштырат. Ал алты тилкелүү болот. Негизги жолдун боюнда жашаган жарандардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жергиликтүү маанидеги жол каралган. Ошондой эле эки тарабында тротуарлар жана сугат лотоктору бар. Жол тегерек болуп, Муромск, Б.Алыкулов көчөлөрүн, ЖЭБ-2ни бириктирип турат.


Учурда Биринчи май райондук милициясынын боюндагы Панфилов көчөсүн бойлой жолго жана тротуарга бордюрларды орнотуу, ирригациялык лотокторду орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле асфальт-бетон төшөлмөнүн астына эки кабаттуу негиз салууга даярдык иштери жүрүп жатат.


Эскерте кетсек, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланып, 5 көпүрөнүн курулушу да пландалууда.


Жол оңдоо иштери Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен China Road and Bridge Corporation подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн