Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектеги Өкмөт гүлбакчасы жаңыланды

13.09.2022 16:43
813
Бишкектеги Өкмөт гүлбакчасы жаңыланды

Бишкектеги Өкмөт гүлбакчасы жаңыланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, Өкмөт гүлбакчасында аянты 2200 чарчы метр брусчатка алмаштырылды. Ошондой эле 325 метр жөнөкөй бордюрлар алмаштырылып, 62 метр гранит бордюрлар оңдолду.


Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк тарабындагы Чүй проспектисинин Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү брусчаткалар алмаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн