Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Бишкектеги көлмө, каналдарда сууга түшкөндөрдүн саны көбөйдү (видео)

20.06.2020 10:55
1418
Бишкектеги көлмө, каналдарда сууга түшкөндөрдүн саны көбөйдү (видео)


Жай мезгилинин сууга түшүү сезону башталгандыктан Бишкек шаарындагы бассейиндерге, чоң каналдарга, шаар ичиндеги майда атайын жасалган көлмөлөргө түшүп жаткандардын саны күн сайын көбөйүүдө, деп билдирди ИИМге караштуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.


Мындан улам милициянын кайгуул кызматкерлери Чоң Чүй каналына, “Комсомол”, "Пионер” сейилдөө жайларындагы тосмо сууларга түшүп жаткан жарандарга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Түшүндүрүү учурунда сууга түшкөн учурда коопсуздук эрежелерин так сактоо, суудагы атайын белгиленген чектен өтпөө жана өздүк гигиенаны сактоо, ошондой эле короновирус илдетин жуктуруп албоо максатында суудан чыккандан кийн сөссүз таза сууга чайкануу керектиги эскертилди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн