8-май күнү Бишкектеги Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн Чүйдөгү жетим балдардын мектеп-интернатында окуган 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул тууралуу маалымат 8-майда саат 9:00дө келип түшкөн.
Милиция кызматкерлерин текшерүү учурунда денеден эч кандай жаракат табылган эмес.
Мектеп-интернаттын мугалимдери каза болгон кызды 6-майдан бери издешкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн