Баш оона 22, 2025
Убакыт: 02:05
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 20 адам эвакуацияланды

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 20 адам эвакуацияланды


Бишкектеги 12-кичи районунда жайгашкан 9 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн 20 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт саат 15:04тө толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 14:03төр чамасында Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана автошаты тартылган.

Куткаруучулар тарабынан 20 адам эвакуацияланып, 4 адам тез жардам кызматына кайрылган.

Өрт 9 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатынан чыгып, батирдин болжол менен 60 чарчы метр аянты күйгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн