Бугу 15, 2024
Убакыт: 01:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Бишкектеги маршруткаларга тез арада GPS-трекерлерди орнотуу тапшырмасы берилди

08.02.2023 09:49
198
Бишкектеги маршруткаларга тез арада GPS-трекерлерди орнотуу тапшырмасы берилди

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде Бишкек шаарынын коомдук транспортун тейлеген ташуучу ишканалардын жетекчилери менен кеңешме болуп өттү.


Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө каттамга чыгууну көбөйтүү, кичиавтобустарга GPS-трекерлерди орнотуу жана айдоочулардын арасында маданиятты, этиканы сактоо маселелери талкууланды.


Департаменттин директору Максат Нусувалиев борбор калаадагы транспорт системасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен пландуу иштин маанилүүлүгүн белгилеп, жетекчилерге коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчиликти эскертти.


Кыска убакыттын ичинде унааларды жайгашкан жерин аныктоочу шаймандар менен жабдуу милдети жүктөлдү (GPS-трекерлер).


Эскерте кетсек, шаардыктарга ыңгайлуу болушу үчүн троллейбустар менен автобустардын кыймылын "Менин шаарым" тиркемесинен байкоого болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн