Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Бишкектеги маршруттук унаалар текшерүүдөн өтүп, 150 миң сом айып салынды

07.09.2023 16:11
300
Бишкектеги маршруттук унаалар текшерүүдөн өтүп, 150 миң сом айып салынды


Кыргызстанда "Коомдук транспорт" аталышында рейд жүрүүдө. 150 миң сомго айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд ЖКККББнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан жүргүнчүлөрдү ташыган маршурттук унаалардын техникалык абалын текшерүү максатында жүргүзүлгөн.

Рейддин жүрүшүндө коомдук транспорттордун жалпы техникалык абалы, санитардык талаптардын сакталышы, ошондой эле айдоочулардын жол эрежелеринин толук кандуу сакташуусун текшерип, техникалык бузуулары бар авто унаалардын айдоочуларына, техникалык абалы оң абалда эмес маршртуук унааларды каттамга чыгарган механиктерине, жана башка аныкталган жол эрежелерин бузуулары үчүн, жалпысынан 150 миңден ашуун айып салышты.

ЖКККББнын кызматкерлери унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында мындай рейддик иш-чараларды мындан ары да улантат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн