Бишкекте эки жумалык карантинге байланыштуу №70 гимназия мектеби жабылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине шаардык мэриянын билим берүү бөлүмү билдирген.
Анын айтымында, билим берүү мекемесинде эки окуучу жана эки мугалимден COVID-19 аныкталды.
"Мектеп эки жумага бери аралыктан окутуу режимине өткөрүлдү", - деп билдиришти департаменттен.
Белгилей кетсек, 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары борбордук мектептерде салттуу режимде билим алышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн